• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жүгөрүнү экспорттоого киргизилген чектөө алынат

Экономика 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда жүгөрүнү экспорттоого киргизилген чектөө алынат. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, өстүрүлгөн жүгөрүнүн бир бөлүгүн өлкөдөн тышкары экспорттоо чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, өткөн жылы ноябрда Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий