• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү 51,8%ды түзөт

Ден соолук 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Улуттук статистикалык комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү 51,8%ды түзөт. Бул тууралуу журналисттерге ЕАЭБдин эл аралык медициналык форумунда Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч айрым факторлор менен байланыштуу: тамеки чегүү, пассивдүү жашоо образы, майлуу тамактар, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги жана башкалар.

“ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү кесиптештер менен учурдагы кырдаалды талкуулоо жана аны чечүүнүн жолдорун издөө үчүн чогулдук. Анткени ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө жүрөк оорусунан көз жумгандардын саны кыйла жогору”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий