• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташыган 64 вагон авариялык абалда

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташыган 64 вагон авариялык абалда экенин вагондор бөлүмүнүн башчысы Руслан Студеникин брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда 120 вагон иштөөдө.

“Азыр Бишкек-Москва, Бишкек-Новокузнецк жана Бишкек-Рязань багыты боюнча вагондор каттоодо. Өлкө аймагында Бишкек-Кайыңды жана Бишкек-Токмок каттамы боюнча жүрүүдө”, - дейт ал.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбековдун айтымында, Бишкек-Кайыңды багыты боюнча күнүнө 6 вагон, Бишкек-Токмок боюнча 4 вагон каттоодо.

“Сезонго байланыштуу жүргүнчүлөрдүн көбөйүшү байкалууда”, - деди Анарбеков.

Пикир

Оставить комментарий