• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жаңгак токойлорунун жалпы аянты 630 миң гектардан ашык

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда жаңгак токойлорунун жалпы аянты 630 миң гектардан ашуун. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Токой чарба кызматы башкармалыгынын башчысы Майрамбек Алиев билдирди.

Анын айтымында, бул дүйнө жүзүндөгү эң чоң массив болуп эсептелет.

“Биз жаңгак токойлорубуздун массивинин чоңдугу менен дүйнө жүзүнө мактанып келебиз. Кыргызстанда жапайы өскөн жаңгак башка сортторго салыштырмалуу даамы, майлуулугунун жогорулугу, маңызындагы пайдалуу азыктардын көптүгү менен айырмаланат. Ошондуктан өзүбүздүн жаңгагыбыздын генофонун сактап калуу максатында бир гана ушул жаңгактын көчөттөрүн өстүрүп, токойлордун арасына жаңгактын башка сортунун көчөтүн отургузбашыбыз керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий