• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жаңы эксперттик кластер түзүлүүдө - бул санариптик жана IT лидерлери - Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бишкекте КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулган ««StrategEast: «Мамлекет жана IT» аттуу евразиялык форум өтүп жатат.

Форумдун салтанаттуу ачылышында КР президентинин администрациясынын жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Ал бүгүнкү күндө республикада санариптик трансформация демилгелери жигердүү ишке ашырылып жатат, мында IT-тармагынын ролу пайдубалдуулардын бири болуп саналат деп белгиледи.

“Азыркы учурда КРда эксперттердин жаңы кластери түзүлүүдө – булар биздин улуттук “өзгөрүүлөрдү алып жүрүүчү” санариптик жана IT лидерлери”. Ушуга байланыштуу, дүйнөлүк тенденцияларды талдоо менен бирге, биз мамлекеттик сектордо да санариптик доордун тенденцияларына жана чакырыктарына ийкемдүү жооп берүүгө аракет кылып жатабыз. Ошентип, 2021-жылы бизде Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлдү. Иш-чаранын маанилүү өзгөчөлүгү катары Кыргызстандын IT-имиджин эл аралык рынокто эл аралык ири оюнчулардын арасында калыптандыруу мүмкүнчүлүгүн белгилейт элем”, - деди ал.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы мындай колдоо жана жардам ата мекендик IT чөйрөсү жана санариптик сектор үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, «StrategEast: «Мамлекет жана IT»форумуна дүйнөлүк жана Кыргызстандын IT индустриясынын лидерлери, Евразия мамлекеттеринен, Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын IT-ассоциацияларынын жетекчилери, АКШдан, Европа Биримдигинен IT тармагын өнүктүрүүгө жооптуу расмий өкүлдөр, 50дөн ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Аталган форум жылына бир жолу евразия өлкөлөрүнүн биринде өтүп, өкмөттөр менен IT тармагынын лидерлеринин диалогу үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Пикир

Оставить комментарий