• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жаңы стандарттар боюнча 21 миңге жакын келечектеги мугалимдер билим алууда

Коом 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Кыргызстанда келечектеги мугалимдерди дайындоо 22 жогорку окуу жайларда жүргүзүлөт. Алардын ичинен 13- мамлекеттик, 9-жеке. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2017-2018-окуу жылдын аягында билим алуучулардын саны 20 миң 969у түзгөн. Алардын ичинен 7 миң 800ү гранттык негизде (бюджет) билим алышат.

Келечектеги мугалимдерди окутуу жаңы стандарттардын негизинде жүргүзүлүүдө. Алар компетенттик ыкмада негизделген. Окутуунун жыйынтыгында, бүтүрүүчүлөр заманбап технологияларын колдонуп, маалыматты табууда, сактоодо жана кайра иштетүүдө негизги ыкмаларды билип, компьютер менен иштөөнү өздөштүрүп, алардын жардамы менен окутуунун планын түзүп, аны ишке ашырууну билүүсү керек.

Пикир

Оставить комментарий