• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жаңы төрт өсүмдүк табылды

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин белгисиз болгон төрт өсүмдүк жана эки жаңы гибрид табылды. Бул жөнүндө бүгүн, 15-февралда Улуттук Илимдер академиясынын Химико-технологиялык, медико-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмү өткөргөн жылдык илимий отчетто айтылганвн академиянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарада жылдык отчёт берүүдө илимди жайылтуу максатында зарыл болгон иштелмелерге басым жасоо ж.б. бир катар сунуштар айтылды. Ошондой эле, илим тармактарынын чектеш изилдөөлөрүнө маани берүү бүгүнкү күндүн талабы экендиги да эске алынды. Мисалга, дары чөптөрдү изилдөө жана медицина бөлүмүнүн чогуу иш алып баруу керектиги. Илимдин атына жамынуу менен дарыгерлик.

Өткөн жылдын негизги ийгиликтерине токтолсок:

  • Өткөн жылы бөлүмдө 4 млн 201 миң сомго илимий-техникалык продукциялар сатылып алынган. Ал 2015-жылга салыштырмалуу 850 миң сомго көп болду.
  • Бруцеллезго каршы вакцинага өндүрүштүк изилдөө жүргүзүлдү.
  • Коёндордун вирустук геморрагиялык оорусуна вакцина даярдалды.
  • Дүйнө өсүмдүктөрүнүн генетикалык ресурстарын жана республиканын жаратылыш флорасын интродукциялоо, селекциялоо жана сактоо тармагында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр жана иштелмелер өткөрүлдү.

Мындан тышкары, мамлекеттик бюджет каржысынан 69758,8 миң сомго илимий-изилдөөлөрдүн 7 долбоору ишке ашырылган. Ошондой эле бир катар илимий-изилдөө иштери 29 эл аралык долбоордун 400 миң долларлык грантынын эсеби менен жасалып, Билим жана илим министрлигине караштуу Илимди өнүктүрүү фонду 570 миң сомдук 2 долбоорду каржылаган. Бюджеттик эмес каржылык колдоонун жалпы суммасы 53540 миң сом түзгөн.

Иш-чаранын катышуучусу академик А.А.Айдаралиев бөлүмдүн жетишилген ийгиликтерин канааттануу менен белгилеп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

“Жалпысынан бөлүмдүн илимий изилдөө мекемелери тарабынан 49 долбоор боюнча иш алып барган экен. Анын ичинен бюджеттик каржылоонун негизинде – 14, 28%, КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан – 4,08%, мындайча айтканда мамлекеттик каржылоо 18%ды түзүптүр. Ошондо калган каржылоону илимдер академиясынын кызматкерлери тарткан жана башка булактар тарабынан каржыланган. Ошондо мамлекет окумуштуулардын ишин 18% гана каржылаган. Бул маалыматты Өкмөткө кароого берүү керек”.

2016-жылдын эсеби менен П.А.Ган атындагы Токой институтунда 35 жашка чейинки кызматкерлердин саны 47%ды түздү. Жаш кызматкерлердин саны боюнча экинчи орунга 28% менен Тоо физиологиясы институту чыкты.

Маалымат үчүн: Бөлүмдөгү 7 илимий-изилдөө мекемесинде жалпысынан 518 кызматкер, анын ичинен 302 илимий кызматкер, 107 илимдин кандидаты жана 44 илимдин доктору бар. 13 академик, 11 корреспондент-мүчө бөлүмдүн мүчөсү болуп эсептелинет.

Иш-чара Улуттук Илимдер академиясынын башкы имаратынын 2-кабатындагы жыйындар залында болот.

Дареги: Чүй пр. 265а. Байланыш телефондору: 0312 64-20-01.

Пикир

Оставить комментарий