• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жаңы технологиялар аркылуу экономиканын өсүшүн тездетүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы технологияларды колдонуу менен экономиканын өсүүсүн тездетүү пландалууда. Бул тууралуу “Санариптик Кыргызстан” – 2019-2023” санариптик трансформациясынын улуттук программасы" тегерек үстөлүндө КР президентинин кеңешчиси Дастан Догоев кабарлады.

Анын айтуусунда, санариптик трансформация үч негизги чынжырды камтыйт, атап айтканда: санарип технологияларынын өнүгүүсү, ишмерлерге жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жана жаңы технологиялардын жардамы менен өлкөнүн өнүгүүсүн тездетүү.

“Долбоор укук базасын жакшыртуу, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик системанын ролун күчөтүүнү өзүнө камтыйт”, - дейт ал.

Трансформациянын негизи: санарип инфраструктуранын өнүгүшү, платформаны ишке ашыруу жана өзүнө электрондук парламент, адилеттүүлүк жана санарип экономиканы камтыган санарип мамлекет куруу.

“Программаны кабыл алгандан кийин долбоорду ишке ашыруунун бардык деталдары көрсөтүлгөн жолдук карта иштелип чыгат”, - дейт Догоев.

Андан тышкары бул программада киберкоопсуздук боюнча өзүнчө пункт кабыл алынаарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий