• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жаңы улуттук мобилдик оператор пайда болот

Коом 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Кыргызстанда жакын арада жаңы улуттук мобилдик оператор пайда болот. Бул тууралуу пресс-конференцияда "КТ Мобайл" компаниясынын директорунун орун басары Иманкадыр уулу Эрназар билдирди.

Анын айтымында, "КТ Мобайл" улуттук "Кыргызтелеком" компаниясынын курамына кирет. "КТ Мобайл" 2003-жылы негизделип, GSM стандарттында мобильдик кызмат көрсөтүү үчүн лицензия жана жыштык алган.

Иманкадыр уулу Эрназар билдиргендей, жаңы мобилдик оператор 8-майда иштеп баштамак, бирок техникалык себептердин айынан ишке ашпай калды.

Бул долбоор азыр иштеп жаткан уюлдук операторлордун бири менен ишке ашат, - деп билдирди.

Учурда Кыргызстанда үч уюлдук оператор иш алып барат. Биз төртүнчү болуп рынокко кирели деп жатабыз, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий