• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 261 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Ден соолук 0

Бишкек, 01.01.20. /Кабар/. Ыкчам маалыматка ылайык, жаңы жыл түнү республика боюнча – 261 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алардын 133 – эркек, 128 – кыз, - деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Түнкү саат 00:00дө Сузактын аймактык ооруканасында салмагы 3780 грамм болгон кыз жарык дүйнөгө келсе, Кара-Суу районунда салмагы 3290 грамм болгон уул төрөлгөн.

Бишкек шаары боюнча жалпысынан 67 төрөт катталган, алардын 34 - уул, 34 - кыз бала. Алардын бири эгиздер.

Республика боюнча үч эгиз жарык дүйнөгө келген - Ош, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында.

Жаңы жыл түнү ымыркайлар эң көп төрөлгөн аймак - Жалал-Абад облусу болгон, жалпысынан 80 бөбөк.

Пикир

Оставить комментарий