• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Ден соолук 0

Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы жыл түнү 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди, алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 144 – эркек, 121 – кыз.

Түнкү саат 00:01де Талас облусундагы бириккен ооруканасында салмагы 3,160 кг болгон эркек бала жарык дүйнөгө келсе, Сузак районундагы (Жалал-Абад облусу) жалпы практикалык дарыгерлердин борборунда саат 00:05те салмагы 3,600 кг болгон эркек төрөлгөн.

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда катталган, 64 ымыркай жарык дүйнөгө келген, Бишкек шаарында болсо 56 бала.

Пикир

Оставить комментарий