• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 292 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Ден соолук 0

Бишкек, 01.01.19. /Кабар/. Ыкчам маалыматка ылайык, жаңы жыл түнү республика боюнча – 292 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алардын 141 – эркек, 150 – кыз, - деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Түнкү саат 00:00дө Кара-Буурадагы төрөт үйүндө салмагы 4200 болгон эркек бала жарык дүйнөгө келсе, Кочкор жана Ак Талаада салмагы 2995 болгон кыздар төрөлгөн.

Бишкек шаары боюнча бардыгы болуп 66 төрөт катталган, алардын 28 – эркек, 36- кыз. Алгачкы төрөт шаардагы №2 төрөт үйүндө катталган - саат 00:05те салмагы 2750 болгон эркек бала жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий