• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева билдирди.

Жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салуу коронавируска байланыштуу болууда.

“Азырынча жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Андай кечелерде көп киши топтолуп, социалдык арадык сакталбайт, сасык тумоонун таралышына жол ачылат. Айрыкча мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Баарыбыз ушундай кечелерди токтотсок туура болот деп ойлойбуз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий