• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жай айынан тартып май куюучу станцияларда мунайзатты берүүнү эсепке алуу автоматташтырылат

Экономика 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча долбоордун алкагында 2020-жылы салык төлөөчүлөр үчүн кандай жаңылыктар болорун айтып өттү.

"2020-жылдын январынан тартып тамекини (фильтр жана ансыз), алкоголдук продукцияны жана бут кийимдерди санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор ишке киргизилди", - деди Абдалиев.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-апрелинен тартып бардык кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга өтөт.

"2020-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларда мунайзаттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулат. Мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюп ала албайт. Себеби май куюучу станциянын май куюучу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт. Бул система май куюучу станциядан мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине параллелдүү түрдө берүүгө мүмкүндүк берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий