• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жакын арада азык-түлүктүн баасы кымбаттайбы? Экономика министринин жообу

Экономика 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы экономикалык каатчылыкка байланыштуу жакынкы аралыкта кымбаттайбы же жокпу айтып берди.

Анын айтымында, ЕАЭБдеги өнөктөштөргө каршы чектөөлөрдү жана санкцияларды киргизүү пландалып жатканына байланыштуу бүгүндөн тарта антикризистик чаралардын планын иштеп чыгуу башталды.

"Сиздер улуттук валютанын долларга, рублга жана теңгеге карата кескин туруксуздугуна күбө болдуңуздар. Бир күн мурун мен кесиптештерим – Казакстандын жана Россиянын экономика министрлери менен сүйлөштүм. Бул өлкөлөр да улуттук валютаны жана улуттук экономиканы колдоо боюнча шашылыш планды кабыл алышат", - деди министр.

Мындан тышкары, ал бүгүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы, "Дордой" базарынын жеткирүүчүлөрү, ошондой эле ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү жана башкалар менен жолугушуу өткөргөнүн айтты.

Бир күн мурун Улуттук банк курсту кармап туруу үчүн интервенция жасады. Доллардын курсунун көтөрүлүшүнө байланыштуу рынокто орун алган ызы-чууларды азайтуу үчүн жетиштүү каржы ресурстары сунушталды.

"Бирок интервенция болжол менен 13 млн долларды түздү, бул көрсөткүч жасалма түрдө жогорулатылганын көрсөтүп турат. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө рынокто чет элдик валютанын тартыштыгы жок. 6 айдын ичинде экспорттук-импорттук операцияларды камсыз кылуу үчүн өкмөт менен Улуттук банкта жетиштүү алтын-валюта резерви бар деп ишендиргим келет. Бул биз валюталарды эркин конвертациялап, экспорт-импорт балансыбызды камсыздай алабыз дегенди билдирет", - деди экономика министри.

Андан ары Данияр Амангелдиев базарда азык-түлүктөр боюнча чуу жаратпоого чакырды.

"Биздин жеткирүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Республикада бардык азык-түлүктөр бар. Ал эми дан, ундун 6 айлык запасы бар. Баалар кескин жогорулаган учурда өкмөт аларды социалдык мааниге ээ продукцияга жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көрөт жана алып-сатарлык маанайга жол бербейт", - деп ишендирди министр.

Пикир

Оставить комментарий