• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жакында 7 кен чыккан жер колдонууга берилет

Экономика 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылдын 4-кварталында "Кугул Тегерек" кен чыгуучу жеринде ишкананы колдонууга берүү пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеев билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган ишканада байытуучу фабриканы куруу иштери аяктап жатат.

"Андан сырткары 2019-жылдын 1-кварталында "Жерүйдүн" кен чыгаруучу жерлерин колдонууга берүү пландалууда. Бул жерде алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландалууда. Ошондой эле "Чаарат", "Шырылжын" жана "Терек кен" кен чыгаруучу жайларын ачуу пландалууда. Ошондой эле "Вертекс" ЖЧКсы байытуучу фабриканы курууну пландоодо, учурда бул компания Казакстанга кенди алып барат", - деди Аликеев.

Ошондой эле ал 2020-жылы "Шамбисай" жана "Бучук" кен чыгаруучу жайларын ишке берүү пландалып жатканын айтты.

"Кумтөрдөгү өндүрүш жогорудагы кен чыгуучу жайлардын ишке берилиши менен жабылат деген үмүттөбүз", - деди Аликеев.

Пикир

Оставить комментарий