• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жакында битир-садаганы төлөм терминалдары аркылуу төлөөгө болот – Эргешов

Коом 0

Бишкек, 27.02.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстанда жакында битир-садаганы төлөм терминалдары аркылуу төлөөгө болот. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Аймактарды өнүктүрүүдө улуттук диалог” аттуу конференцияда дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Заирбек Эргешов билдирди.

Анын айтуусунда, жашоо бир жерде турбайт, күндөн-күнгө технология чөйрөсү өнүгүүдө. Заман менен бирге кадам таштоо максатында, эми баардык каалоочулар кайрымдуулукту төлөм терминалдары аркылуу жүргүзө алышат.

“Терминалдарда кайрымдуулук терезеси пайда болот. Ошол терезе аркылуу оңой жана бат садага жана битирлерди берүүгө болот. Бул абдан жакшы кадам”, - дейт Эргешов.

Пикир

Оставить комментарий