• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда жакында 350гө жакын адам эркиндикке чыгат

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда жакында болжол менен абакта отурган 350 адам эркиндикке чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп бөлүмүнүн башчысы Бакыт Термечиков билдирген.

Анын айтуусунда, мунун баардыгы гумандаштыруунун алкагында болууда.

“Болжол менен аялдар колониясынан 9 адам, ал эми жашы жете электердин колониясынан бир да адам чыкпайт, анткени алардын баары оор кылмыштар үчүн соттолгон. Жалпысынан анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон 350гө жакын адам эркиндикке чыгат”, - дейт Термечиков.

Пикир

Оставить комментарий