• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жакында ишкердин Кодекси пайда болушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда жакында ишкердин Кодекси пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Улуттук бизнес-клубдун башчысы Сергей Пономарев билдирди.

Анын айтуусунда, бизнес-клубдун алдында жумушчу топ түзүлүп, ал топко жактоочулар, ведомстволордун башчылары, ишкерлер жана юридикалык илимдердин кандидаттары жана профессорлор кирген.

“Биз 2019-жылдын март айларында кодекстин долбоорун аяктоону пландаштыруудабыз, кийин аны парламенттин кароосуна киргизебиз. Аталган долбоор бизнес-ассоциацияларды, аймактардагы ишмерлерди, тийиштүү ведомстволорду жана эксперттерди тартуу менен иштелип жатат”, - дейт Пономарев.

Пикир

Оставить комментарий