• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жакында туристтерге жана чет өлкөлүк кыргыздарга жеңилдетилген визалар берилет

Коом 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Жакынкы арада жеңилдетилген визалар бериле баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын аягында КР өкмөтү тарабынан визаларды тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын жаңы редакциясы кабыл алынган.

Аталган токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон, тиешелүү чечим үстүбүздөгү жылдын 15-январында күчүнө кирет. Ага ылайык, туристтерге жана чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт.

Алар;

- “Туугандар виза” - туугандар менен көрүшүүнү каалагандар үчүн бир жылдык виза берилет.

- “Мекен виза” - Кыргызстанда төрөлгөн жана башка өлкөдө жашаган этникалык кыргызстандыктарга өлкөгө келип-кетүү же кайтып келүү менен кайрылман макамын алуу үчүн бир жылдык мөөнөткө акысыз виза берилет.

- “Мейман виза” - Кыргызстанда туугандары жок, бирок КР жарандарынын атайын жөнөткөн чакыруусунун негизинде келе турган тааныш-досторго же өлкөгө дарылануу үчүн келе тургандарга берилет.

Мындан сырткары, Кыргызстанга тоо туризмине кызыккан чет өлкөлүктөргө үч айлык мөөнөткө “Тоо туризм визасы” бериле баштайт. Мындай визаны алгандар өлкөгө бир нече жолу кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Өкмөт мындай жол менен өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртууну, бюрократиялык процедураларды кыскартууну жана визаларды алуучулар менен түз байланышты жоюуну көздөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий