• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жакынкы 5 күндө жаан-чачын, ал эми Ноорузда күн ачык болушу күтүлөт - Гидромет

Коом 0

Бишкек, 16-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда жакынкы 5 күндө аба ырайы туруксуз болуп, айрым облустарда жаан-чачын, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катуу жаан-чачын күтүлүшү маалымдалат.

“Өрөөндөрдө мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Жалпысынан, аба ырайы жылыйт. Эртең кечке жакын, ошондой эле 19-марттан 20-мартка караган түнү Бишкекте жаан жаашы күтүлөт”, - деп кошумчалашты Гидромет борборунан.

21-мартта Бишкекте булут каптап, жаан-чачын күтүлбөй турганы билдирилет. “Абанын температурасы күндуз 6-11 градус, түнкүсүн нөлгө чейин түшөт. Түштүктө абанын температурасы 14-15 градуска чейин жылыйт”, - деп белгилешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий