• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жакынкы күндөрдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы күндөрдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-16-августтарында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-16-августтарда жана 17-августта тункүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 14…19°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 25…30°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 4…9° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий