• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда жалган маалыматтарды тараткандар үчүн жоопкерчиликти арттыруу пландалууда - Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда жалган маалыматтарды тараткандар үчүн жоопкерчиликти арттыруу пландалууда. Бул тууралуу "Кыргызстанда жалган маалыматтарды таратуу" атындагы тегерек үстөлдө маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

"Бул маалыматтар диний, саясий жактан кырдаалды курчутуу үчүн жасалган материалдар. Кыргызстанда жалган маалыматтарга каршы иштеген механизмдерди иштеп чыгуу керек. Европа өлкөлөрүндө жалган маалыматтарды соцтармакта жайылтууга каршы мыйзам нормалары кабыл алынууда. Мындай маалымат тараткан адамдарга чара көрүлүүдө", - дейт Жаманкулов.

Министр Кыргызстанда да калп маалыматтар жайылып жаткандыгын айтып өттү.

"Мисалы, кытай инвесторун кытайлык атайын бөлүктүн кызматы коргой тургандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул билдирүү бир адистин пикири болчу. Далил же расмий позициясы да эмес. Аягында бул маалымат жалган болуп чыкты", - деп белгиледи ал.

Жаманкулов билдиргендей, жакынкы аралыкта жалган маалыматтарга каршы чаралар көрүлүп, анын ичинде мыйзамдар да чыгарылат. Жооптуу адамдарга катуу чара көрүлөрү толук мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий