• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жалпы 349 миң 798 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы жалпы 349 миң 798 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана соиалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 252 миң 431и вакцинанын биринчи дозасын алышты. Ал эми 96 миң 908и эмдөөдүн толук курсунан өттү.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте 74 миң 983;

- Ош шаарында 22 миң 255;

- Чүй облусунда 40 миң 870;

- Талас облусунда 10 миң 624;

- Ош облусунда 42 миң 228;

- Нарын облусунда 10 миң 561;

- Ысык-Көл облусунда 23 миң 979;

- Жалал-Абад облусунда 33 миң 257;

- Баткен облусунда 10 миң 272 адам эмделди.

Белгилей кетсек, учурда өлкө аймагында коронавируска каршы вакцинанын 1 млн 170 миң 202 дозасы калды.

Пикир

Оставить комментарий