• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жалпы 504 адам коронавирустан айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек,01.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 42 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде коронавирустан 42 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 8, Нарын облусу – 11, Жалал-Абад облусу - 3, Ош облусу – 9, Ысык-Көл облусу - 1, Ош шаарында - 10 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 504кө жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын бардыгынын анализдери терс болуп чыкты", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 504 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий