• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда жалпы 527 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 9, Нарын облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда - 2, Ош облусунда – 1 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 527ге жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 769га жетти. Алардын ичинен 527адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий