• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда жалпы 575 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 11 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде коронавирустан 11 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 4 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 575 жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 830 жетти. Алардын ичинен 575 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий