• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жалпы 919,8 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта 21 миң 91 адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 653 адам вакцинанын биринчи дозасын, 12 миң 438 адам экинчи дозасын алган.

Өлкө боюнча жалпы 919 миң 883 адам эмдөөдөн өткөн алган, анын 614 миң 367и биринчи доза менен, 305 миң 516сы экинчи доза менен эмделген.

Пикир

Оставить комментарий