• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Билим 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө 27-февралдан тартып каттоо башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Анын айтымында, каттоо онлайн режиминде 7-апрелге чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында жүргүзүлөт.

“Быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүн каттоону окуган жери боюнча жүргүзөт, өз кезегинде өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү жашаган жери боюнча райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө катталса болот”, - деди ал.

Каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер керектелет:
- паспорттун түп нускасы (же туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- орто билими тууралуу аттестаттын түп нускасы (мурунку жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
- ЖРТга каттоо үчүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- талаптарга ылайык электрондук сүрөт.

Пикир

Оставить комментарий