• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жарандар коронавируска каршы вакцинанын 2-дозасын ала башташты

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир күндө 1 миң 435 адам вакцина алса, алардын ичинен 108ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, өлкө аймагында жалпы 12 миң 265 адам эмдөөдөн өттү.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 1 104 адам вакцина алды;
- Ош шаарында – 1 106;
- Чүй облусунда – 1 259;
- Ош облусунда – 4 120;
- Ысык-Көл облусунда – 938;
- Талас облусунда – 372;
- Нарын облусунда 562;
- Жалал-Абад облусунда – 2 259;
- Баткен облусунда – 545.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий