• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда Жарандык авиация күнү белгиленүүдө — сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Жыл сайын октябрь айында Жарандык авиация күнү белгиленет. Ага карата Улуттук статистика комитети атайын материал даярдаган.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жарандык авиация өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмүнүн маанилүү курамдык бөлүгү, анын натыйжалуу жана туруктуу өнүгүшү жана иштеши улуттук коопсуздукту, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат.

Аба транспорту Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өнүгүп, жүргүнчүлөрдү ташуу көрүнүшү ар дайымкы тартипте иштей баштаган.

Кыргызстандын транспорт ишканаларынын эң олуттууларынын бири “Манас эл аралык аэропорт” ачык акционердик коому болуп саналат, анын курамына “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аэропорттору кирет. Калган аэропорттор – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аэропорттору ички аба жолдору боюнча регионалдык каттамдарды ишке ашырат.

2020-жылы жүргүнчүлөрдү улуттук авиа аркылуу ташуулардын көлөмү төрт жүз минден ашуун жүргүнчүлөрдү түздү, алардын ичинен 30 пайызга жакынын – эл аралык жана 70 пайызын – ички ташуулар түздү. Аба транспортунун жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жүгүртүүсү беш жүз минден ашык жүргүнчү-километрди түзөт.

Авиа жолдору аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешелер 3 миллиард сомдон ашыкты түздү, анын 70 пайыздан ашыгынэл аралык ташуулар түзсө, 20 пайыздан ашыгын - ички ташуулар камсыздады.

Өлкөнүн башкы аба дарбазасы - бул “Манас” эл аралык аэропорту – Борбор Азиядагы эң ири аэропорттордун бири, ал бир саатта 1 миң 700 адамды өткөрүүгө жөндөмдүү. Аэропорт эл аралык жана ички ташууларды камсыздайт.

2015-жылы "Манас" аэропортунда 3 млн жакын жүргүнчү тейленген болсо, 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы 3,6 млн адамга жетти, ал эми 2020-жылы GOVID-19 коронавирус инфекциясына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн агымы 1,5 млн адамга чейин төмөндөдү.

2020–жылдын аягында аба паркында 12 аба судалары катталган.

Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү ички жана эл аралык авиа жолдору аркылуу ташууну мекенибиздин ”Эйр Манас”, “Avia Traffic Company” жана ”TEZ JET” авиакомпаниялары камсыздап келүүдө.

2020–жылы аба транспорт ишмердик чөйрөсүндө кызматчылардын орточо жылдык саны 1,2 миң адамды түздү.

Пикир

Оставить комментарий