• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жаратылыш жана экологияны коргоо боюнча долбоорлор «Кумтөрдүн» эсебинен каржыланат

Коом 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Белгилүү болгондой Кыргызстанда Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча Сынак комиссиясы түзүлгөн. Ага байланыштуу «Кабар» агенттигинде маалымат жыйыны өтүп, анын катышуучулары комиссиянын иши жана ага кимдер киргени тууралуу айтып беришти.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдиргендей, комиссия долбоорлорду тандап алып, алар КР өкмөтү жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн Жаратылышты коргоо фондунун эсебинен каржыланат.

Учурда фонддун эсебинде 57,4 млн доллар бар. Маалымат жыйындын катышуучуларынын айтымында, «Centerra Gold Inc.» компаниясы 2017-жылдан бери Фондго жыл сайын 3,7 млн доллардан которуп келет.

«Фонддун башкы максаты жаратылышты коргоо багытталган долбоорлорду каржылоо жана айлана-чөйрөнү коргоо болуп саналат. Мындан улам Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги долбоорлор үчүн төрт артыкчылыктуу багытты сунуштоодо. Биринчи таштанды төгүүчү жайды түзүү. Учурда бизде 446 таштанды төгүүчү жай бар. Алардын ичинен 10-15%ы гана талапка жооп берет. Экинчи – тазалоочу курулмалар. Үчүнчү – тал-терек отургузуу. Төртүнчүсү гелий коллекторлорун түзүү. Ошол эле учурда долбоорлор аталган багыттар боюнча гана болуш керек деген талап жок. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча баардык долбоорлор каралат», - деди ал.

Жаратылышты өнүктүрүү фондунун төрагасы Улукбек Арстанбековдун айтымында, сынак комиссиясына 13 киши кирген. Комиссиянын башында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов турат. Анын орун басары Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору болсо, комиссияга мүчө катары Экономика жана Каржы министрликтеринин башчылары, тармактык комитеттин эки депутаты кирет.

«Башында долбоорлордун талап ылайык келгендигин катчылыкта, тагыраагы Айлан-чөйрөнү коргоо агенттигинде карашат. Андан кийин сынак комиссиясына өткөрүлүп берилет», - деди ал.

Белгилей кетсек, долбоорлорду баардык каалагандар, анын ичинде жергиликтүү бийлик, жарандар жана бизнесмендер сунуштай алат.

Учурда долбоорлорду кабыл ала башташкан. Алдыда, ачык-айкындуулук болушу үчүн баардык долбоорлор Фонддун же Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин сайтында чыгарылып турат.

Пикир

Оставить комментарий