• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жаш балдардын көкүрөк деформациясын операциясыз калыбына келтирүүдө жаңы ыкма колдонулууда

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жаш балдардын көкүрөк деформациясын (кирип-чыгып кеткен) операциясыз калыбына келтирүү боюнча жаңы ыкма колдонулууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук онкология борборунун көкүрөк оорулар (торакалдык) хирургу Исабек Мурзаев билдирди.

Нет описания.

Анын айтымында, 2021-жылдын аягында Улуттук онкология борборунун онкохирургия жана көкүрөк оорулар (торакалдык) хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Мукаш Бейшембаевдин демилгеси менен Түркиянын Измир шаарындагы хирургдар менен тажрыйба алмашуу болгон.

“Мени эки айга жиберди. Ал жактан профессор Хасан Эрсөз менен тааныштым. 17 жашка чейинки балдардын көкүрөгүндөгү сөөгүнүн кирип же чыгып кетишин операциясыз дарылоо ыкмасын үйрөнүп келдим. Кыргызстанга келгенде көкүрөктөн жапа чеккендерди сүрөткө тартып, профессорго жиберип турдум. Биздеги оорулар көп экен деп Хасан Эрсөз өзү Кыргызстанга келерин билдирген. Азыр 20дан ашык 17 жашка чейинки бейтапты карап чыкты. Ал бейтаптар операциясыз дарылап жатканга ыраазычылыгын билдирди. Ал эми 17 жаштан баштап сөөк катып калгандыктан операция жасоого туура келет. Бизде операциялар ачык түрдө жасалып келет”, - дейт ал.

Мурзаев түркиялык профессор 15-майга бейин Кыргызстанда болорун кошумчалады.

Измир шаарынын Илимий изилдөө клиникасынын көкүрөк оорулар (торакалдык) хирургия бөлүмүнүн башчысы Хасан Эрсөз Кыргызстанга келип, учурда көкүрөк тарабынан жабыркаган бейтаптарды кабыл алып жатканына токтолду.

Нет описания.

“Көкүрөккө жабык түрдөгү операцияны үйрөтөйүн деп келип отурамын. Жабык түрдөгү операция деген эмне? Ал дененин өтө кичине жери, 3 см кесилип, операция жасаса болот. Айрым Кыргызстанда жок жабдыктарды алдырдык. Ага карабастан дагы керектүү жабдыктар жетишсиз. Жакынкы күндөрү керектүү жабдыктардын баарын толуктап, жабык түрдөгү операцияларды жасай баштайбыз. Ачык түрдөгү операциялар Түркияда такыр жасалбайт. Ал эми Кыргызстанда операциялардын көбү ачык жасалат экен”, - дейт профессор.

Түркиялык дарыгер эки күндөн бери Түркиядан алып келинген вакуум, ортез жана бандаж сыяктуу жабдыктар менен бейтаптарды дарылоо программасы сунушталганын кошумчалады.

“Жабдыктар көкүрөк клеткаларынын деформациясында колдонула турган аппараттар. Көкүрөктүн деформациясы ар бир төрөлгөн 400 ымыркайда кездешет. Ымыркайлар кийимдин ичинде болгондо көбү байкай бербейт. Эгер эртерээк байкап, деформацияны алдын алып, операцияга жеткирбей оңдоп койсо болот. Көңүл кош мамиле жасалып, бейтап 17 жашка жетип калса, вакуум жардам бербей, операция жасалат. Торакалдык хирургия бөлүмүнө тиешелүү болгон ооруларды операцияга жеткирбей дарылоону көздөп жатабыз”, - деди Эрсөз.

Түркиялык дарыгер Хасан Эрсөз алдыда Ош шаарына барууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий