• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 225,09 сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5 225,09 сомду түздү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда ал 8 пайызга өстү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, республиканын бардык аймактарында июль-сентябрь айларында жашоо минимумунун көлөмүнүн өсүшү белгиленди.

"Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди. Ага ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий