• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда жашоо минимуму 6,2 миң сомду түзүп, 17 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылда жашоо минимумунун көлөмү 6 268,31 сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү.

Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Нет описания.

2021-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында (19,1 пайызга), Баткен оюлусунда (18,1 пайызга) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий