• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жашоо минимумунун көлөмү 16,7 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 6 813,06 сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 16,7 пайызга өскөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий