• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жашоо шарты оор балдардын электрондук маалымат базасы түзүлөт

Коом 0

Бишкек. 23.01.19 /Кабар/. Кыргызстанда жашоо шарты оор балдардын электрондук маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова балдардын укугун коргоо маселесине арналган жыйында билдирди.

Өмүрбекова белгилегендей, өз убагында кийлигишүү жана ар кыл маселелерди чечүү максатында көрсөтүлгөн электрондук маалымат базасын түзүү зарылчылыгы бышып жетилди, ал каттоо жүргүзүүгө жана ата-энесинин кароосуз тарбияланган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ошондой эле аларга карата катаал мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларында ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жана үймө-үй кыдыруулардын жүрүшүндө балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдар тарабынан мындай балдар тууралуу топтолгон маалыматтарды электрондук маалымат базасына интеграциялоо керек.

«Жашоо шарты оор балдарды коргоо топтомдуу мүнөздөгү тейлөөлөрдү көрсөтүүнү камтыйт, буга байланыштуу маалымат базасы балдар менен өз ара аракеттешкен социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы министрликтер жана ведомстволорго, ички иштер органдары жана каттоо кызматтарына жеткиликтүү болушу керек», - деди Өмүрбекова.

Буга катар ал белгилегендей, электрондук базанын модулун иштеп чыгууда балдар тууралуу маалыматтын жашыруундугун жана ага карай тийиштүү мамлекеттик органдардын гана жеткиликтүүлүгүн камсыздоону эске алуу зарыл.

«Жашоо шарты татаал эсептелген балдардын маалымат базасын түзүү жана аларга тийиштүү тейлөө көрсөтүү үчүн маалымат алмашуу алкагында ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүүнүн белгилүү регламенти каралышы тийиш», - деп белгиледи вице-премьер.

Буга байланыштуу Өмүрбекова жашоо шарты оор балдардын интеграциялашкан маалымат базасын иштеп чыгуу үчүн ыкчам тартипте ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий