• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү шарттары бар – Айбек Кадыров

Экономика 0

Бишкек, 03.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө зарыл шарттар бар. Бул тууралуу “Жашыл экономика: “Климаттын өзгөрүшүнөн бизнес эмнени күтсө болот?” конференциясында КР Экономика министрлигинин стратегиялык пландаштыруу жан өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында Кыргызстанда экономиканы жашыл экономикага өткөрүү үчүн мыйзамдык базаны ыңгайлаштыруу иштери жүрүүдө.

“2040-жылга чейин КРны өнүктүрүү узак мөөнөттүү стратегиясында жашыл экономика темасы чагылдырылган. Кечээ жакында жашыл экономика маселелери каралган “Жаны доорго 40 кадам” өкмөттүк программасы кабыл алынган. Анда кеп дал ошол экологиялык коопсуздук, тоолорду жана токойлорду ыңгайлаштыруу жана сактоо тууралуу болот. Бул чаралар экономиканы жана жашыл экономиканы сактоо көз караштарынан кабыл алынган. Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүү шарттары бар”, - деди ал.

Ошондой эле Кадыров жашыл экономика үчүн учурда жаңы каржылык каражаттар иштелип жатканын белгиледи. Мисалы, облигацияларды чыгаруу, насыя жана фонддорду түзүү. Белгилүү болгондой, бул багыттагы долбоорлорду даярдаган банктар да пайда болду.

Пикир

Оставить комментарий