• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу 14 пайызга көп айдалды

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында аба ырайынын ыңгайлуу болушу жазгы талаа жумуштарынын темпинин өсүшүн шарттады, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата республика боюнча жалпысынан 426 миң гектардан ашык жаздык эгин айдалды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 14 пайызга көп.

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата жаздык арпа себилген аянт өткөн жылдын ушул күнүнө карата жазгы эгин айдалган аянттарга салыштырмалуу 14%, картөшкө - 19,6%, жашылчалар - 14,6%, май өсүмдүктөрү - 15, 9% жана көп жылдык чөптөр - 21,4% өстү.

23-апрелге карата жаздык эгиндерди түрлөрү боюнча себүү

Нет описания.

Жаздык эгиндердин жалпы аянтында 2022-жылдын 23-апрелине карата эң чоң салыштырма салмакты Чүй облусунун чарбалары – 41,8%, Ош – 17,9%, Жалал-Абад -15,5% жана Ысык-Көл облусунда – 13,7% түздү.

23-апрелге карата аймактар боюнча жаздык эгиндерди себүү

Нет описания.

Мындан тышкары, ушул жылдын апрель айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 63,6 миң гектар аянтта күздүк эгиндерди азыктандыруу жана 395 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий