• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды

Коом 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-марттан тарта КР Куралдуу күчтөрүндө жазгы аскерге чакыруу иш-чарасы башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18 жашка чыккан жарандар аскердик каттоодон өтүшүп, аскер комиссариаттары менен биргеликте жарандар ар тараптан иликтелип кароодон өтүштү. Бул жумуштардын жүрүшүндө алардын мөөнөттүү аскердик кызматка, же альтернативдик кызматка багытталары аныкталат. Аныктоо алардын жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарында аскерге чакырылуучу жана анын ата-энеси менен аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын өкүлдөрүнүн аӊгемелешүүсү ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Бул иликтөө-аныктоо иштеринин жыйынтыгынын негизинде аскерге чакыруучу комиссия жарандар тууралуу калыс чечим чыгаруу үчүн толук маалыматка ээ болушат.

Республиканын жыйын пункттарында аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземдери бекитилген график боюнча жүргүзүлөт. Алар андан ары мөөнөттүү аскердик кызматын өтөөчү жерлерге жиберилишет.

Аскерге чакырылуучулар (3 миңден ашык адам) КР Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундары жана бөлүктөрүндө аскердик кызматтарын өтөшөт.

Пикир

Оставить комментарий