• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жазында 403,35 гектар жерге бак отургузулат

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда жазында 403,35 гектар жерге бак отургузуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, токой аянтын көбөйтүү максатында Токой кызматы ДБ/ГЭФ "Кыргыз Республикасынында токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу" долбоорунун алкагында 13 пилоттук токой чарбаларында 1749,5 га аянтка бак отургузууну пландаштырууда.

"Бүгүнкү күндө токой чарбалары тарабынан 1410,65 гектар аянтка ийне жалбырактуу, мөмө-жемиш, жалбырактуу, кургакчылыкка туруктуу түрлөрдүн көчөттөрү отургузулду. Быйылкы жазда 403,35 гектар аянтка токой отургузуу пландаштырылууда, бул пландагыдан 64,5 гектарга көп", - деп айтылат маалыматта.

Токой плантацияларын малдын зыянга учурашынан сактоо максатында 1351,4 га аянтка тикенек зымдардан тосмолор жана чынжырлуу торлор орнотулду. Токой жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү үчүн 6 пилоттук токой чарбаларына жалпы суммасы 4 853 990 сомго Тянь-Шань карагайынын 177 миңден ашык себилмерели, 24 миң алма, 14 миң өрүктүн, 1700 жаңгактын көчөттөрү өткөрүлүп берилди.

Министрликтен кошумчалагандай, долбоордун дагы бир маанилүү иш-аракети болуп деградацияланган токойлорду калыбына келтирүү жана Мамлекеттик токой фондусунан тышкаркы кунарсыз жерлерди өздөштүрүү болуп саналат. Бул иш-чара 6 пилоттук айыл өкмөттүн аймагында жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеси жана жигердүү катышуусу менен айыл өкмөттүн өкүлдөрү пландагы 618,8 гектардан 593 гектарын мөмө-жемиш бакчаларан отургузуу аркылуу өздөштүрдү.

Мындан тышкары, 705,3 га аянтына тосмолор орнотулду жана 402 гектар жерге сугат системасын уюштурууга жетишти.

Ошондой эле айыл өкмөттөргө 11 млн 727 миң 730 сомго алма, өрүк, алмурут, алча, кара өрүк, жаңгак жана кара жыгачтын 139 миңден ашык көчөттөрү мөмө-жемиш бакчаларын жана плантацияларын түзүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий