Кыргызстанда Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү пландалууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 12-мартынан тартып "Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө" КР мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында айтылат.

Демилгечи депутаттар: Н. Никитенко, И. Масалиев.

Документте айтылгандай, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети – эркектер, аялдар жана жашы жете электер үчүн мунапыс колдонуу, ошондой эле ал аларга социалдык-укуктук жана социалдык-психологиялык колдоо көрсөтүүгө багытталган социалдык жактан негиздүү акция болуп саналат.

Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна орду толгус оор зыян келтирбеген, этиятсыздыктан зордукчул мүнөздөгү эмес жосун жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган, көбүнчө социалдык колдоого муктаж адамдарга карата тескери укуктук кесепеттерди жумшартуу зарыл.

Ушул мыйзам долбооруна ылайык, анын 1-беренесинде эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкүлөрдү бошотуу сунушталат:

1) 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолушкан аялдарды жана жашы жете электерди;

2) курагы 60 жаштан жогору эркектерди, ошондой эле 55 жаштан жогору аялдарды;

3) I жана II топтогу майыптуулугу бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды;

4) үй-бүлөнү жалгыз баккан, экиден кем эмес жашы жете элек балдары же I жана II топтогу майыптуулугу бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар адамдарды;

5) биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган адамдарды;

6) боюнда бар аялдарды;

7) көп балалуу аялдарды;

8) ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар менен жашы жете электерди.

Муну менен бирге, энелердин балдарды тарбиялоого катышуусунун мааниси олуттуу экендигин белгилеп кетүү керек.

Мындан тышкары бул мыйзам долбоору менен, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген, биринчи жолу кылмыш жасап, иш-аракеттери аркылуу анча оор эмес зыян келтирген аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата мунапыс колдонуу мүмкүндүгү түзүлүүдө.

Ошол эле учурда, төмөнкүдөй айыпталуучуларга жана соттолгондорго мунапыс колдонулбайт:

1) мурда мунапыс же ырайым кылуу колдонулгандарга;

2) өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга;

3) эки же андан ашык ирет кылмыш жасагандарга, эгерде алардын бирөө эле мунапыс берүү мыйзамына туура келбесе;

4) аларга карата тарбиялык же медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулгандарга;

5) жаза өтөө режимин бузууну өнөкөт кылып алгандарга.

2. Мунапыс берүү тууралуу мыйзам коопсуздук чаралары колдонулган (башкача айтканда, мүлкүн конфискациялоо (алып коюу); конфикацияланууга тийиш болгон предметтин ордуна акча каражаттарын же башка мүлкүн конфискациялоо; материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо; чыгарып салуу колдонулган) соттолуучуларга же соттолгондорго карата жайылтылбайт.

3. Мунапыс берүү тууралуу мыйзам жазык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулган юридикалык жактарга колдонулбайт.

Мындан тышкары, мунапыс берүү киши өлтүрүү, кыйноолор, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адамды барымтада кармоо, мамлекеттик чыккынчылык, шпионаж, бийликти күч менен басып алуу, террористтик акт, экстремисттик уюм түзүү, коррупция ж.б. үчүн колдонулбоого тийиш.

Ушуну менен бирге, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлануусу болбошу керек, Кыргыз Республикасы өз аймагынын чектеринде жана анын юрисдикциясы алдында турган бардык жактарды урматтайт жана аларга адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндөгү сооттолгон адамдардын саны: 6 миң 554 эркек, 427 аял жана 19 жашы жете элек

Пикир

Оставить комментарий