• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Жеңиштин 75 жылдыгына карата онлайн-марафон башталды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата мектеп окуучулары жана студенттер арасында онлайн-марафон башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, "Аталарыбыздын эрдигин даңктайбыз" аталышындагы онлайн эстафета уюштурулган.

"Аталган марафон учурда социалдык тармактарда башталды. Андан тышкары, "үй-бүлөбүз менен чогуу окуйбуз" деген онлайн фестиваль да кызуу жүрүп жаткан кези", - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий