• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда Жеңиштин 75 жылдыгына карата виртуалдык сынак жарыяланды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Алыкулов Осмонов атындагы Улуттук китепкана баардык каалоочуларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата (1941-1945) уюштурулган виртуалдык сынакка катышууга чакырат.

Конкурс КР Улуттук китепканасынын расмий сайтында өткөрүлүүдө. Иштерди кабыл алуу 6-апрелде башталып, 5-майда токтойт.

Сынактын номинациялары:

-Эссе жазуу (дилбаян);
-Көркөм окуу (видео).

Сынакка 7-12-жашка чейинкилер, 13-17-жаштагылар, 18 жана андан жогорку курактагылар катыша алат.

Онлайн билдирме:

- Катышуучунун толук аты-жөнү;
- Жаш курагы;
- Номинация;
- Иштин аталышы;
- E-mail.

Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу жазылган дилбаяндар электрондук түрдө кабыл алынат: формат - "doc", "docx", көлөмү 4 барактан ашпаш керек (шрифт – Times New Roman, кегль – 12, аралыгы – 1,5).

Ал эми согушка арналган чыгармаларды көркөм окууган видеону "туурасынан" туруп телефонго же видеокамерага тартып, Youtube тиркемесине же файл жүктөгүчкө жүктөө керек болот (мисалы: https://anonfiles.com/). Видеонун узактыгы 3 мүнөт.

Эссе же видеону "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына" конкурсуна шилтеме берүү менен okt@nlkr.gov.kg; ooh@nlkr.gov.kg электрондук дарекке жөнөтсө болот.

Сынакка жөнөтүлгөн иштердин бардыгы модераторлор тарабынан текшерүүдөн өткөндөн кийин Улуттук китепкананын расмий сайтына (www.nlkr.gov.kg), Фейсбуктагы (www.fb.com/libkr) баракчасына жана #nlkrPobeda хештеги менен Инстаграммдагы баракчасына жайгаштырылат.

Иштердин баардыгы кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат. Конкурстун жеңүүчүлөрү диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.

Сынактын жыйынтыгы 2020-жылдын 9-майында китепкананын сайтына жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий