• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу боюнча ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө – вице-премьер

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу боюнча ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

"Медицина талаптарга жооп берген ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу маселеси боюнча ишкерлер менен сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды. Учурда алардын бирдиктүү стандарттары иштелип чыгууда жана алар ишкерлерге берилет. Андан кийин алар жеке коргонуу каражаттарын тиге баштайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий