• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жеке коргонуучу каражаттардын 3 айлык запасы бар - министр

COVID - 19 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда жеке коргонуучу каражаттардын 3 айлык запасы бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

"Учурда 8 ишкер беткап чыгарган ишкана ачып, күнүнө 10-50 миңге чейин беткап чыгарууда. Бүгүнкү күнү 6 млн беткап запаста турат. Ошондой эле өлкөдө 2 ишкана жеке коргонуучу кийимдерди тигүүдө. Жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү. Бүгүнкү күнү алардын 3 айлык запасы бар", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий