• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 06:49да Чүй облусунда жер титиреди. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

КР УИА Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча, жер силкинүүнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Арпа-Тектир айылынан түштүккө карай 4 км, Кегети айылынан түштүк-батышты карай 8 км, Токмок шаарынан түштүк-батышты карай 30 км жана Бишкектен түштүк-чыгышка 30 км аралыкта жайгашып, күчү 3,0 баллга жетти.

Арпа-Тектир айылында – 3 балл, Кегети айылында – 2,5 балл, Юрьевка, Дөң-Арык, Кошой, Чоң-Жар, Карагул, Пригородный айылдарында, Ысык-Ата курортунда - 2,0 балл катталды.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий