• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 10.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрь күнү Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, анын күчү очогунда 6 баллга жеткен. Жер титирөө саат 20:37де болгон.

Жер титирөө Баткен облусунун Кан, Зардалы айылдарында 3 балл, Баткен шаарында жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында дээрлик 2,5 балл болуп сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий