• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда жер титиреди - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 26.10.17 /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн таңкы саат 07:35 чамасында болгон.

УИАнын сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, Жайылма айылынан түштүк-чыгышты карай 15-чакырым, Кашка-Суу айылынан түштүк-чыгышты карай 17-чакырым, Кара-Кабак айылынан түштүк-чыгышты карай 19-чакырым, Кабык йылынан түштүк-батышты карай 20-чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 90-чакырым аралыкта жайгашкан.

КРнын калктуу пункттарында жер титирөөнүн активдүүлүгү: Жайылма, Кашка-Суу, Кара-Кабата – 3 баллга, ал эми Кабык айылында – 2,5 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий