• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча мыкты тажрыйбалар порталы ишке кирди

Коом 0


Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда ЖӨБ органдарына жардам катары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мыкты чечимдерди табуу үчүн www.myktyaimak.gov.kg порталы иштей баштады.

Көп функционалдуу порталдын максаты – ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн актуалдуу, сапаттуу жана ылайыктуу тажрыйбасынын дайыма жеткиликтүү болушун камсыздоо. Башкача айтканда кайсы гана болбосун кызыктар адам жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн мыкты тажрыйбалары тууралуу маалымат менен таанышкандан кийин, өзүнүн маселесин чечүүнүн кыйла ылайыктуу жолун тандай алат жана бул ыкманы өзүнө колдоно алат.

Мыкты тажрыйбалар порталында муниципалдык документтердин, ченемдик укуктук актылардын үлгүлөрү жана формалары, ЖӨБ тармагындагы гранттык жардамдар жана өнүктүрүү долбоорлору тууралуу маалымат, эксперттер тууралуу маалыматтар, актуалдуу суроолорго жооптор топтолгон, мисалы:

- таштанды чыгаруу боюнча тарифти кантип эсептөө керек?

- балдар аянтчасын уюштурууга кантип жетишүү керек?

- таштандыны кантип гүлбакчага айландырууга болот?

- бюджет боюнча онлайн угууну кантип өткөрүүгө болот?

- аутсорсинг бизнеске кызматтарды кантип өткөрүп берүү керек?

- муниципалдык ишкананы кантип түзүү керек?

- жергиликтүү кеңештин актыларын кантип тариздөөгө болот?

- жаштар менен иштөөнү кандайча уюштурууга болот?

- комиссиянын тартип бузуулар боюнча ишин кандайча уюштуруу керек?

- инвестор менен келишимди кантип түзүү керек?

- жашоочулардын ортосундагы чыр-чатактарды кантип жөнгө салуу керек жана башка.

Порталдын негизги үч милдети:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбалары тууралуу маалыматты топтоо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар кандай тажрыйбаларын колдонуу тажрыйбасын жалпылоо жана талдоо, талдоонун жана жалпылоонун жыйынтыктарын ЖӨБ тармагындагы мамлекеттик саясатка түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн мамлекеттик органдарга берүү;

- бардык кызыктар адамдардын арасында мыкты тажрыйбаны жайылтуу үчүн зарыл болгон маалыматты чектөөсүз жайылтуу.

Мында порталга катталгандан кийин ошондой эле ушул платформанын бардык бөлүмдөрүнөн жана кызматтарынан пайдаланууга боло тургандыгын белгилей кетүү керек. Мисалы, семинарларга жазылууга, өзүнүн муниципалитетинин мыкты тажрыйбасынын үлгүсү үчүн добуш берүүгө, суроо берүүгө, кеп-кеңештерди алууга жана башка көп нерселерди жасоого болот.

ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталынын колдонуучусу болуу – бул ийгиликтүү практиктердин коомуна кирүү мүмкүнчүлүгү, бул ЖӨБдүн башка органдарындагы кесиптештери менен түздөн-түз тажрыйба алмашууга, кыйла тажрыйбалуу кесиптештеринин ичиндеги устаттардын кеп-кеңешин алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул семинарларга жана чебер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгү.

Бул порталдын ыңгайлуулугу бардык кызыктар болгон адамдар өздөрүнүн суроолоруна жоопторду бир булактан таба алыша тургандыгында. Порталга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн эң эле эффективдүү, креативдүү жана жеткиликтүү тажрыйбалары жайгаштырылган, анын үстүнө ресурстагы маалымат дайыма жаңыланып турат. Ал эми документтердин жана башка актуалдуу маалыматтардын үлгүлөрүнүн болушу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин өздөрүнүн суроолоруна жоопторду издөө милдетин кыйла жөнөкөйлөтөт.

ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар порталы – бул муниципалдык башкаруудагы жеке жардамчы.

Пикир

Оставить комментарий